Сауд Аравиясы Кыргызстанга грант түрүндө 3 млн 797 миң доллар бөлүп берүүгө  даяр.

Сауд Аравиясы Кыргызстанга грант түрүндө 3 млн 797 миң доллар бөлүп берүүгө  даяр.

Сауд Аравиясы Кыргызстанга медициналык жабдыктарды сатып алууга жана этти экспорттоо үчүн  карантиндик жай уюштурууга грант түрүндө 3 млн 797 миң доллар бөлүп берүүгө  даяр.  

Бул туурасында 26-мартта Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Комитетте Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы “Медициналык борборлор үчүн жабдыктарды берүү жана карантиндик жайды куруу жана жабдуу” долбоору боюнча макулдашуунун долбоору каралууда.

Касымалиевдин айтымына караганда, Улуттук фтизиатрия борбору үчүн адистештирилген жабдыктарды сатып алууга гранттын ичинен 1,3 млн доллар, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө  институтуна 1,5 млн доллар каралган.

Карантиндик жайды  уюштуруу үчүн 1 млн доллардан бир аз ашыгыраак акча каражаты бөлүнөт.